Бүгүн, 1-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо жана өлтүрүү боюнча кылмыш ишин карады.
Соттук отурум башталганда айыпталуучулардын биринин жактоочусу коронавирус илдети менен ооруп калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 13-июлга жылдырылды.
Жазык кодексинин “Адам уурдоо”, “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен беш адам – Орзубек Нурумбетов, Замирбек Раманкулов, Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу жана Ажыкабыл Рысбай уулу шектелип жатат. Төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар, бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу.