• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Айзаданын өлтүрүлгөн жердеги сүрөтүн жарыялаган 3 милиционер жазаланды

21 Чын куран 2021 12:12 Бишкек Govori.TV

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердеги сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды.

Маалымат боюнча, соцтармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

Иликтөөнун жыйынтыгында, Аламүдүн РИИБдин жоруктар бөлүмүнүн кызматкери, милициянын лейтенанты А. Экеевге катуу сөгүш, Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жетекчиси, милициянын майору К. Самаевге катуу сөгүш, Аламүдүн РИИБдин Криминалдык топту коштоп жүрүүчү инспектор-криминалист, милициянын капитаны М. Янванчиновго кызматына дал келбестиги боюнча эскертүү берилди.

Количество просмотров: 113