• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бүгүн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу соттук отурум болбой калды

15 Кулжа 2021 10:40 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 15-июнга белгиленген отурум болбой калды. Буга айыпталуучулардын бири Сыймык Молдосариевдин адвокаты сотко келбегени негиз болду. Кийинки отурум 1-июлга дайындалды.

Айзаданын жакындарынын жактоочусу Нурбек Токтакунов шектүү Молдосариевдин адвокаты буга чейин да сотко келбей койгонун айтып, ага чара көрүү керектигин билдирди.

Жазык кодексинин «Адам уурдоо», «Никеге туруу максатында ала качуу» беренеси менен беш адам — Орзубек Нурумбетов, Замирбек Раманкулов, Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу жана Ажыкабыл Рысбай уулу шектелип жатат. Төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар, бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу.

Количество просмотров: 77