• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айзаданын аянычтуу өлүмү. Соттук отурум 11-июнга жылдырылды

27 Бугу 2021 9:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда киши колдуу каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча алгачкы соттук отурум өттү.

Отурумга судья Салтанат Есенкулова судьялык кылды. Жараянга 5 айыпталуучу СИЗО-1 мекемесинен онлайн түрдө катышты. Кийинки сот отуруму 11-июнга жылдырды.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болуп каза болгон. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, эл Ички иштер министринин отставкасын талап кылганга чейин барган. Ала качуудан өмүрү кыйылган Айзада Канатбекова бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Ал таята-таенесинин колунда чоңойгон. Маркумдун сөөгү 8-апрелде Балыкчы шаарында жерге берилген.

Количество просмотров: 345