• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү. Кийинки соттук отурум 15-июнда өтөт

11 Кулжа 2021 14:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча соттук отурум болуп өттү.

Соттук отурум эпидемиологикалык абалга байланыштуу онлайн болду. Сотто Канатбекованы ала качууга жардам берген 5 айыпталуучунун иши каралды. Алардын бирөө күнөөсүн моюнга алса, бирөөсү алган жок. Ал эми калган үчөө жарым-жартылай моюнга алышты.

Жазык кодексинин “Адам уурдоо”, “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен беш адам шек саналып жатат. Алардын төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар жана бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу. Кызды кыйнап өлтүргөн Замирбек Теңизбаев өз жанын да кыйганынан улам 27 жаштагы Айзаданын өлтүрүлүшү бонча кылмыш иши кыскарган.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болуп каза болгон. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, эл Ички иштер министринин отставкасын талап кылганга чейин барган. Соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталган.

Количество просмотров: 161