• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Айзаданын өлүмү: Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

21 Үчтүн айы 2022 15:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 21-январда Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жактоочу Нурбек Токтокунов буга макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга кайрыларын айтты.

Эске салсак, 2021-жылдын 5-апрелинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болуп каза болгон. Канатбекованы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз адамдар күчкө салып уурдап кетишкен. Ал учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада токтоп турган автоунаадан табылган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өмүрүнө кол салганы аныкталган.

Каргашалуу окуядан кийин шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, кыркка жакынына сөгүш берилген.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу жалпы беш адам кармалган. Биринчи май райондук соту былтыр сентябрда адам уурдоого күнөөлүү деп үч адамды жети, эки адамды алты жарым жылга кескен. Ошондой эле алардын баары биригип, маркумдун жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары жалпы 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирген.

Количество просмотров: 136