• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Баарын кудайга койдум». Айзаданын апасынын соттон кийинки сөзү…

27 Бугу 2021 11:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча сот жараяны өттү. Бул ишти судья Салтанат Есенкулова карап жатат.

Соттук отурумга Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова жана таежеси Бактыгүл Шакенова катышты. Алар күнөлүүлөр бирдей жаза алышы керектигин айтышты.

«Айзаданы унаага салып кеткендердин ичинен жок дегенде бирөөсү акылдуу болуп, апасына баралы десе болмок. Туура эмес кылып коюшту. Кызымдын өлүмүнөн кийинки жаңы жагдайларды абдан оор кабыл алдым. Азыр дагы өзүмө келе албай турам. Күнөөлүлөрдү кудайга койдум!»,-деди Айзада Канатбекованын апасы.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болуп каза болгон. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүрүп, өзүнө да бычак сайып мерт кеткен. Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапкан. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, эл Ички иштер министринин отставкасын талап кылганга чейин барган. Соттук-медициналык экспертизада Бишкекте уурдалган Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталган.

Количество просмотров: 24823