• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жактоочу: Айзаданы ала качкандардын арасында мурда соттолгондор дагы бар

27 Бугу 2021 11:25 Бишкек Govori.TV

27-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдоо фактысы боюнча алгачкы соттук отурум болду.

Анда Айзаданын апасынын жактоочусу шектүүлөрдүн арасында мурда соттолгондор дагы бар экенин айтты.

Анын айтымында, Айзада Канатбекованын ала качкан шектүүлөр мыйзам менен жакшы тааныш болуп, ала качуу кылмыш экенин билишкенине карабай бул жолго барышкан.

«Кармалган шектүулөрдүн айрымдарынын соттуулугу да бар. Алар бейбаштык, талап-тоноолорго айыпталышкан. Кылмыш иштер жабырлануучу тараптын арызы менен токтотулган. Анын себеби ар кандай болуусу мүмкүн», — дейт жактоочу.

Бул иш боюнча беш айыпталуучу бар — Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажикабыл, Замирбек Раманкулов жана Орузбек Нурумбетов.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү соттук отурум коронавирус пандемиясынан улам онлайн режиминде өттү. Сот 11-июнга чейин тыныгуу жарыялады. Анын айтымында, жолугушуу эртең мененки 9дан кечки 5ке чейин болот.

Количество просмотров: 901