Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы уурдалып каза болгон 27 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маалымат берип жатат.
Басма сөз жыйынында журналисттер тарабынан Бишкек ШИИБдин жетекчисине «жоопкерчиликти сезип, отставкага кетесизби?» деген суроо узатылды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев уурдалган кыздын өлүмү тууралуу ишти аягына чыгармайынча, отставкага кетпей турганын айтты.
Эске салсак, 7-апрель күнү Бишкектен уурдалган 27 жаштагы Айзаданын сөөгү табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.