• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Айзаданын өлүмү боюнча алгачкы соттук отурум дайындалды

25 Бугу 2021 15:51 Бишкек Govori.TV

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын иши боюнча биринчи соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-майда болот. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Адвокаттын маалыматына ылайык, Айзаданы өлтүрүү боюнча кылмыш иши аны өлтүргөн соң өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнө байланыштуу кыскартылды. Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

Айзаданы 5-апрелде Бишкекте бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач аны футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк милиция Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын кабарлаган.

Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Количество просмотров: 455