• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Айзаданын өлүмү: Депутаттар жыйынга Ички иштер министри өзү келишин талап кылышууда

8 Чын куран 2021 15:54 Бишкек Govori.TV

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча маалымат берүү үчүн бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңешке министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев келген. Буга айрым депутаттар каршы болуп, министр Улан Ниязбековдун өзү келишин талап кылышты. Депутат Айсулуу Мамашева парламент микрофону аркылуу министрге кайрылып, өзү келишин айтты.

Министрдин орун басары Эркебек Аширходжаев Улан Ниязбеков өкмөттүн кеңешмесине катышып, бошой албаганын билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент отурумуна министр өзү келип катышсын деген талапты колдоду.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү милициянын шалаакылыгынан улам болгон деген сындап, айрым депутаттар ички иштер министри Улан Ниязбековдун парламентке келүүсүн талап кылышкан.

Количество просмотров: 145