• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Тажибек кызы менен Ишенбековдун иши боюнча өкүм чыгарды

25 Бирдин айы 202512:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-февралда Жогорку сотто Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, журналист Махабат Тажибек кызынын жана “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун иши каралды.

Адвокаттар соттук коллегиядан Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекеевага чыккан буга чейинки сот чечимдери адилетсиз болуп калганын айтышты.

Кеңешүү бөлмөсүнөн чыккан соттук коллегия жактоочулар жазган кассациялык даттанууларды канааттандырган жок. Тагыраагы буга чейинки чыккан сот чечимдери күчүндө катырылды.

Ал эми Азамат Ишенбековдун жактоочусу Нурсултан Жаныбековдун айтымында, соттун токтомун алган соң гана мындан аркы кадамдар, аракеттер тууралуу сөз болмокчу.

Укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова соттун жүрүшүндө жактоочулар тарабынан келтирилген далилдер толук деңгээлде каралып, эске алынган жок деген пикири менен бөлүштү.

Эске салсак, Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган. Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган.

Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист былтыр январь айында кармалган. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.

Количество просмотров: 488