• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ак-Буура дарыясына унаа кулап, 3 адамдын өмүрү кыйылды

24 Кулжа 201913:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.06.2019.Govori.TV.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда Ош—Папан—Кожокелең унаа жолунун 30-чакырымында Ак-Буура дарыясына унаа кулап, 3 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыяга улаган «Жигули» үлгүсүндөгү унаада 1976-жылы туулган С.М., 1978-жылы туулган Т.А. жана 2009-жылы туулган Ж.Ш. болгон.

«Кечээ унааны суудан чыгаруу үчүн ӨКМден 3 куткаруучу, 7 суучул, Папан айыл аймагынан 1 экскаватор, 1 кран тартылган. Каза болгондордун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти ӨКМдан.

Количество просмотров: 12