Бүгүн, 26-мартта сот Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Мадумаров күнөөлүү деп табылып, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерилген жок.
Ал эми жактоочу Мадумаров чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылганын билдирди.
19-марттагы соттук отурумда тараптардын жарыш сөзү башталган. Прокурор соттон Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранган.
Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.
Ал 2023-жылы 2-сентябрда кармалган.