• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жактоочу: Мадумаровдун ишинде Бакиевдин суралышын өтүнгөнбүз

15 Бирдин айы 2024 17:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун иши каралды.

Ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу. Соттук процесске ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Жактоочу Кубанычбек Тумановдун айтымында, процессте күбөлөр көрсөтмө берүүдө.

«13-февралда өткөн жараянда судья 3 жолу эскертүү берип, Адахан Мадумаров сот залынан чыгарылган. Ошол кезде 5 күбө Мадумаров жок көрсөтмө берди. Биз ошол күбөлөрдү кайра чакыруу өтүнүчүн келтирдик. Сот аны жарым-жартылай канаттандырды. Мындан сырткары, мурдагы президент Курманбек Бакиевди Мадумаровго карата козголгон кылмыш ишинде онлайн байланыш аркылуу көрсөтмө берүүсү боюнча өтүнүч келтиргем. Бирок ал өтүнүч четке кагылды»,-деди жактоочу Кубанычбек Туманов.

Буга чейин Мадумаровдун дагы бир жактоочусу Ольга Жукова процессте жалпы 65 күбө сурала турганын билдирген.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 2023-жылдын 26-октябрында эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 188