• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Ак-Ордо конушундагы төрт балалуу келинге жаңы үй курула баштады

8 Жалган куран 2023 15:29 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотованын тамы кайра салына баштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кабарлады.

Анын маалыматына караганда, келинге кайрадан үй салып берүүнү президент Садыр Жапаров тапшырган.

Эске сала кетсек, Шаболотованын үйү соттун чечиминин негизинде ушул жылдын 1-мартында түрттүрүлгөн. Окуя социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкуу жаратып, жергиликтүүлөр бийликтин жогорку бутагына кайрылып, кырдаалга адилет чечим чыгарып берүүнү суранышкан. 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, окуянын чоо-жайы менен таанышкан.

Садыр Жапаров 6-мартта «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн өзүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди кызматтан алды.

Бул окуяга байланыштуу Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты беш суткага камакка алынган.

Ошондой эле министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алып салынды

Количество просмотров: 209