• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Ак-Ордодогу жер маселеси: Алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

6 Чын куран 202316:10 Бишкек Govori.TV

Ак-Ордодогу жер маселеси боюнча алдамчылык жолу менен жер саткан дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, Тергөө башкармалыгынын тергөө тобуна жүктөлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө, жогоруда белгиленген берененин негизинде шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Аталган жаран 2010-2019-жылдары Ак-Ордо жаӊы конушундагы №498, 511, 519 контурларда жайгашкан жалпы аянты 12,7 га үлүш жерлерин өз өзүнчө аянты 4 сотыхдан бөлүп, турак-жай курууга мыйзам талаптары боюнча жол берилбестигин билип туруп, жарандарга 1500ден 5000 АКШ долларына чейин баалап ишеним кат менен сатып жибергендиги аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, аталган кылмыш ишинин алкагында, Сокулук райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Дж. аттуу жаран кармалышкан болчу.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 448