Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат деген жерге «Тез жардам» кызматынын машиналары келди. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Мындан сырткары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келгени кошумчаланды.
Буга чейин бир катар ЖМКлар ишенимдүү булактарына таянуу менен борбордо Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын жазышкан.
Азырынча Көлбаев тууралуу расмий маалымат бериле элек.