Ак-Суудан Караколго кетчү унаа жолун сел каптап, тыгын жаралды. Бул тууралуу күбөлөр соцтармакка видео жарыялашты.
Маалыматтар боюнча каптаган сел унаа жолуна чейин жетип, унаалардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаралган. Ошондой эле күбөлөр башка унааларга азырынча жолго чыкпай турууга чакырышкан.