Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө жайы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу 20-февралдан тарта «Ак-Жол — унаа жолу» жана «Кордай — унаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.
«Жөө адамдар (чоң жүгү болбосо) бул көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу өтө алышат. Ал өткөрмө жайында курулуш иштери жүргүзүлөт. «Ак-Жол — унаа жолу» саат 06:00дөн 24:00гө чейин иштейт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ремонт иштерин 2020-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.