• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кыргыз-казак чек арасынан 1296 баш бодо мал мыйзамсыз өткөн

18 Жалган куран 2021 13:40 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы акыркы он күндүн ичинде 1296 баш бодо малды кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз айдап өтүшкөнүн аныктады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы күндөрдө коңшу өлкөлөрдөн 1189 уйду жана 107 жылкыны уруксат кагазы, салык органын маалымкаты, коштоочу документи жок алып киришкен.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 177