• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Акаев: Айтып оозубузду жыйгыча дагы бир ишкердин сөөгү өзүнүн унаасынын багажынан чыгып жатат

24 Тогуздун айы 201913:45 Бишкек Govori.TV

«Криминал баш көтөрдү, ага каршы күрөш жүргүзүш керек» деп айтып оозду жыйганча дагы бир ишкер өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жанарбек Акаев айтып чыкты. Анын айтымында, криминалга каршы күрөш жарыялоо боюнча буга чейин билдирүүсүнө өкмөт «маселени саясатташтырбагыла» деп жооп кайтарганы туура эмес.

Бул маселе боюнча өкмөт мага актанып, жооп бергенинин кереги жок. Ал элге, жарандарга жооп берип, «мамлекетибиз күчтүү, биз силерди коопсуздукта кармайбыз» деп жооп берсин. Бул менин же өкмөт башчынын маселеси эмес, жалпы жарандардын коопсуздук маселеси. Өкмөт башчы «саясатташтырып жатат» дейт, анда саясат болуп кетпесин деп такыр сүйлөбөй коелубу? — деди Акаев.

Ошондой эле депутат милиция кызматкерлери кармаган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү сот тарабынан бошотулуп жатканына көңүл бурду.

Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын айтып, бул багыттагы чабал иши үчүн өкмөттүн ишин сынга алган эле.

Количество просмотров: 99