• Шаршемби 21 Чын куран 2021

Акаев: Баш мыйзамды өткөрүү менен Жапаровдун бийлиги келе элек жатып диктатуралык режимге өткөнүнүн белгиси

10 марта 2021 в 18:09 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамды өткөрүү менен Жапаровдун бийлиги келе элек жатып диктатуралык режимге өткөнүнүн белгиси. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев билдирди.

“Депутаттардын колун бурашы мүмкүн, бирок жалпы эл менен чындык издеген адамдарды баш ийдирип кармашы мүмкүн эмес. Жапаровдун жанында кимдер кеңеш берип жатат билбейм. Сын айткан башка көз караштагы адамдарды угуп, коомчулук менен кеңешиш керек эле. Көп президенттер 4 жылдан кийин ажыдаар болот. Мына Жээнбеков ажыдаар болгуча эле кызматтан кетти. Атамбаев 5 жылдан кийин саясий куугунтуктарды жасап, журналисттерге иш козгоп, саясатчыларды камап баштаган. Азыркы келгендер аз убакыт ичинде өздөрүнө каршы пикир айткан укук коргоочуларды куугунтуктап, ар кандай ыкмалар менен оозун жабуу аракети болуп жатканы жаман көрүнүш. Биз айтсак, президенттин таламын талашкан трольдор менен фейктер талкалап жатпайбы. Ошентсек эле коркуп калат деп ойлошот окшойт. Биз көнүп калганбыз”,-деди Акаев.

Количество просмотров: 171