• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акаев: Чогулуп чай ичкендерди, сын пост жазгандарды түрмө менен коркутуу чоң ката

2 Жетинин айы 2022 10:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Мирлан Самыйкожо, Дастан Бекешев, Эмил Токтошевдер абакта жаткан активист, саясатчылар жана камакта отурган 30дан ашуун аялдар менен жолугушуп чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү Жанар Акаев билдирди.

«Асия Сасыкбаева, Орозайым Нарматова, Рита Карасартова, Гулнара Журабаева, Клара Сооронкулова, Перизат Сурановалар отурган камераларды көрдүк, алар менен чогуу отурган аялдар менен да баарлаштык. Баары эч кандай башаламандыкка үндөө болбогонун, тынч митингдер тууралуу гана сөз болгонун, мыйзамдын алкагында гана иш алып барышканын, негизсиз камалышканын айтышты. Орозайым Нарматова саламаттыгы жакшы экенин, бир гана атасынын ден соолугу үчүн кабатыр болуп жатканын айтты. Бийлиги камоо менен коркутуп, башкасы митинг менен эш көрсөтүп дагы канча жыл убакытты текке кетиребиз билбейм. Туура, стабилдүүлүк керек, ызы-чууга мен да караманча каршымын, бирок чогулуп чай ичкендерди, фейсбукка сын пост жазгандардын баарын түрмө менен коркутуу — чоң ката. Өз жарандарына өчөшкөн кантип болсун? Эл башкаргандар кенен, айкөл, чыдамкай жана бириктирүүчү сапатка ээ адамдар болушу шарт. Диалог керек, азыр да кеч эмес. Эркиндикти муунтуп туруп, анан экономиканы көтөрөбүз деген жаңылыш ой. 70тен ашкан аялдар менен чыканактай кыздар эркиндикте жүрсө, коомго коркунуч алып келбейт» , — деди Акаев.

Депутат Акаев ушул эле маселени бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да көтөрдү.

Количество просмотров: 297