• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акаев: «Депутат болуу үчүн жогорку билим керек» деген норма келечекте оппозициялык саясатчыларга иштеп калышы мүмкүн

27 Чын куран 2022 15:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн жогорку билим болуш керек деген норманы алып салуу сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аталган мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууга алынып, кайчы пикирлерди жаратууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, депутат Жанар Акаев жобону баштапкы абалына алып келтирүүгө эмне негиз болгонун айтты.

«Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан бери мындай талап болгон эмес. Депутат бул – эл өкүлү. Мамлекеттик кызматкерлер менен министрлерге сөзсүз жогорку билим керек. Эл өкүлүнөн жогорку билим талап кылынат деген норма өнүккөн өлкөлөрдө дагы жок. Анткени парламентке элден суурулуп чыккан адамдар келиши керек. 7-чакырылыш «Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү үчүн жогорку билим болушу керек» деген норма менен шайланып келди. 6-чакырылыштан билимдүү же прогрессивдүү болуп кеттиби? Бирок бул мыйзам Рыскелди Момбеков, Орозайым Нарматова сыяктуу талапкерлерге иштеди. Социалдык тармактарда демилгечилерди эл сындап жатат, кабарыбыз бар. Элдин чочулаганында дагы негиз бар, себеби 6 — чакырылыш менен азыркы келгендерге элдин купулу толгон жок. Калың журт Жогорку Кеңештен билимдүү, адилеттүү депутаттарды көргүсү келет. Бирок ошол норма андай нерсени талап кылбайт. Парламенттин кадырын кетирип жаткан айрым депутаттардын үчтөн диплому бар. Сөз болуп жаткан мыйзам долбоору Башмыйзамга шайкеш келтирүү максатында жазылган. Элдин көйгөйүн ичинен билгендерди «жогорку билими тууралуу диплому жок» деген шылтоо менен аларды шайлануу укугунан ажыратып салбаш керек. Депутат болуу үчүн жогорку билим керек» деген норма келечекте оппозициялык саясатчыларга иштеп калышы мүмкүн»,-деди депутат.

Количество просмотров: 307