• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Акаев: Эркин медианы эч качан ооздуктабаш керек

14 Аяк оона 2022 17:29 Бишкек Govori.TV

Эркин медианы эч качан ооздуктабаш керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Кыргызстандагы сөз эркиндиги: жаңы тобокелчиликтер” аталышындагы тегерек столдо сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Мен үч окууда тең “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга каршы добуш бергем. Анткени бул мыйзам иштебейт. Ар бир адамды текшерип, таап чыгуу менен далилдеп бергенге Ишчки иштер министрлигинде мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле техникалык жактан дагы мүмкүн эмес. Аталган мыйзамды күчүн жоготту деп табуу же мораторий киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алуу сунушун окуп чыктым. Эгерде азыр киргизсек болгону 10 депутат колдойт»,-деди Акаев.

Ошондой эле Акаев эркин медианы эч качан ооздуктабаш керектигин кошумчалады.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2021-жылдын августунда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзамга кол койгон. Мыйзамга кол коюлганга чейин эле юристтер, укук коргоочулар жана жарандык коом аны сынга алып, каршы чыккан. Мыйзам өзү экинчи аракеттен кийин гана кабыл алынган. 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун биринчи вариантын иштеп чыгууга кайра жөнөткөн.

Документти алтынчы чакырылыштын депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова демилгелеген.

Количество просмотров: 93