• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Акаев: Кошомат кылчулар премьердин үйүнө койуңарды союп алып бара бергиле

31 Бугу 2019 15:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.

«Комиссия ишти катуу баштаганбыз. Бирок мен маанайды байкасам, аягы келип күнөөнү проблеманы айтып чыккан Акылбек Жамангуловго оодарып коюу аракети болуп жатат. Мындай болбошу керек. Биз мындайга жол бербейбиз. Бакиев убагында «Ак Жол» партиясы үстөмдүк кылган парламентке бараткандай кейпибиз бар. Бул абдан өкүнүчтүү»,-деген пикирин ЖК депутаты Жанар Акаев бүгүн, 31-майда «КТ Мобайл» маселесин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда айтты.

Мындан сырткары, депутат өкмөт башчыга жагалдануу аракеттери жүруп жатканын айтып, андай кылгысы келгендер премьердин үйүнө койун союп, гүлүн көтөрүп алып бара берсин деген пикирин айтты.


Количество просмотров: 11