ЖК депутаты Жанар Акаев ЖМК жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзам долбооруна оңдоо киргизүү керектигин айтты.
«Кайсы бир жаранга жалган жалаа жабылса, караланса, мазакталган болсо, азыркы мыйзамдар деле анын укугун коргой алат. Эми кошумча айып пул салуу сунушталып жатат, бирок 100-200 миң сом өтө көп, миң, эки миң сом жетет. Негизи айыпка деле каршымын. Ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине соттун укугу берилбеши керек. Маданият министрлигинин иши таптакыр башка. Булар кантип каралашкан эки тарапты бетме-бет отургузуп алып сурайт?», — деди депутат.
Эске салсак, Министрлер кабинети жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоорун чыгарган.
Анда “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Аны аткаруу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлөт.