• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Акаев: «Кошелек» Малабаевден баштап, Матраимов, Жунусов, түрмөдөгү Кулматовдон бери чакырып, келгиле контрабанданы токтотолу

27 Жетинин айы 201910:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Жанар Акаев аткезчилик жүктөр боюнча маселе көтөрдү.

700 млн Америка доллары кимдин тушунда чыгып кеткени баарыбызга белгилүү. Атын аташыбыз керек. Атамбаевдин учурунда 700 млн доллар Кыргызстандан чыгарылган, 2017-жылга чейин деп журналисттик иликтөөдө көрсөтүлүп жатат. Макул, Атамбаев ошого күнөөлүү болсун, ал ошол Хабибулла Абдукадыр менен чогуу үйлөрдү курсун, анын учагы менен учсун, ал өзүнчө маселе. Атамбаев азыр түрмөдө. Бирок азыр эмне болуп жатат. Контрабанда токтоп калдыбы? Биз Жогорку Кеңеш — Кыргызстандагы эң жогорку орган демилгени колго алып, ушул жерде талкуулап, чечим чыгарышыбыз керек. Болбосо демилге көчөгө чыгып жатат. Жазында жаштар мындан 10 эсе көп чыгат. Контрабанданы баарыбыз чогулуп, кан буугандай токтотушубуз керек. «КамАЗдардын» ар биринен 4 миң 600 доллардан алып жатат деп жатышат. Ушул жерге чакыралы баарын. Аскар Акаевдин убагындагы «кошелек деген» Мурат Малабаевден баштап, азыркы Райым Матраимов, Адамкул Жунусов, түрмөдөгү Кулматовдон бери чакырып, келгиле контрабанданы токтотолу. Ар бири бул акчага мага таандык эмес, мен уурдаган жокмун деп айтып жатышат. Бул Өзбекстандын акчасы дейт, — деди депутат Жанар Акаев.

Акаевдин айтымында, өкмөт, Башкы прокуратура, Каржы полициясы бул ишти калыс иликтөөгө жөндөмсүз экенин көрсөттү. Ал көчөдө такыр башка пикир айтылып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 380