• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Акаев: Менин Кыргызстанга кайтып келүүмдү каалагандар көбөйдү

17 Тогуздун айы 201915:59 Бишкек Govori.TV

Айрым адамдар тарабынан мага мекениме кайтуу тууралуу сунуштар келет. Мындай пикирди  мурдагы президент Аскар Акаев “Азия Ньюс” гезитине берген маегинде айткан.

Анын айтымында ага айрым жарандар Кыргызстанга келүүгө убакыт келгенин айтып телефон чалып, кат жолдошот.

«Акыркы учурда менин Кыргызстанга кайтып келүүм тууралуу пикирлер көп айтылып келет. Мындан улам менин өлкөгө кайтып келүүмдү туура көргөндөр көбөйдү десем болот. Жарандар мага чалышып, каттарды жазышат, алар мага кайтып келүүгө мезгил келгенин айтышат. Албетте мен келгенге даярмын, бирок ал үчүн өлкөдөгү саясий абал туруктуу болуусу керек. Менин кайтып келүүмдү оппоненттер терс жакан колдонуп кетүүсүн каалабайм. Мага элимдин тынчтыгы баарынан бийик», — деп айткан Акаев.

Эске салсак, мурунку президент Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан соң чыгып кеткен.

Количество просмотров: 43