Ош мамлекеттик университетине мурдагы Билим берүү жана илим министри, маркум Каныбек Исаковдун атын ыйгаруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди.
Анын айтымында, Каныбек Исаков өлкөнүн билим берүү тармагына, ОшМУнун аброюн эл аралык деңгээлге көтөрүүгө зор салым кошкон.
«Каныбек Исаковдун каза болгону бүтүндөй агартуучунун, жалпы кыргыз эли үчүн өтө чоң жоготуу болду. Агай Исаков он миңдеген шакирттерди тарбиялап, мыкты кадрларды чыгарды. ОшМУ Орто Азия өлкөлөрүндө бийик кадыр-баркка ээ болуп, чет өлкөдөн миңдеген студенттер келип окуусуна шарт түздү», — деди Акаев.
Каныбек Исаков 2011-жылдан 2019-жылдын 11-сентябрына чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп эмгектенген.