• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурдагы билим берүү министри Каныбек Исаков көз жумду

12 Жетинин айы 2020 15:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-ноябрда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасы анын жакындарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматка караганда, ал пневмониядан улам дүйнө салды.

К.Исаков 2019-жылдын сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин министрлик кызматты аркалаган. Ал 1969-жылы Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында төрөлгөн. Филология илимдеринин доктору, профессор болчу. Министр болгонго чейин Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректору болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 852