• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Акаев: Пандемиянын ушундай оор шартында шайлоо өткөрүү орунсуз

9 Теке 2020 16:34 Бишкек Govori.TV

Пандемиянын ушундай оор шартында парламенттик  шайлоону өткөрүү орунсуз. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев билдирип, видео кайрылуу жасады.

Анын айтымында, шайлоого корото турган бул каражаттарды пандемия менен күрөшүүгө керектөө зарыл.

“Кыргызстанда абал абдан оор. Азыр бир тыйын таппай карайлап турган шартта, дары-дармек, аппараттар жетишпей жатканда бул акчаларды шайлоого коротуу таптакыр орунсуз. Ошондуктан добуш берүүнүн мөөнөтүн жылдыруу керек. Октябрга белгиленген парламенттик шайлоону өткөрүү бюджети 526 млн сомду түзөт, ал эми түшүндүрүү иштери үчүн 21 млн сомдук каражат жумшалат. Шайлоого корото турган бул каражаттарды пандемия менен күрөшүүгө керектөө зарыл”, — деди Акаев.

Акаев шайлоону жылдыруу үчүн өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү керектигин айтып, Жогорку Кеңеш мөөнөтсүз жыйынга чогулуш керектигин сунуштады.

“Элдер ооруп жатканда саясий партиялар кантип съезд өткөрүп, кантип үгүт иштерин жүргүзөт?”, — дейт депутат.

https://www.instagram.com/tv/CCY6sy9ANtE/?igshid=1fpyp7e38l26l
Количество просмотров: 248