• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Акаев пенсияга чыкканда Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатканын айтты

28 Кулжа 2023 15:55 Бишкек Govori.TV

«Аскар Акаев пенсияга чыкканда Кыргызстанга кайтып келүүнү пландап жатат, бирок азырынча ал Москва мамлекеттик университетинде (ММУ) ишин улантат. Бул тууралуу өлкөнүн мурунку президенти Екатеринбургдагы Урал мамлекеттик экономикалык университетинде окуган лекциясынан кийин журналисттерге билдирди.

«Пенсияга чыкканда, ооба», — деп жооп берген ал мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө суроого.

«Бирок мен дагы эле күч-кубат сезип, мен Москва мамлекеттик университетинде иштейм», -деген ал.

Эске салсак, быйыл май айында Аскар менен Майрам Акаев Кыргызстанга келишкен. Биринчи президент Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде лекция окуй турганы белгилүү болгон. Бирок айрым студенттер каршы чыгышкан. Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин депутаттары да колдогон. Натыйжада КР Билим берүү жана илим министрлиги А.Акаевдин ЖОЖдордо окуй турган лекцияларын жокко чыгарган.

Количество просмотров: 99