• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Акаев: Разаков тез арада элден кечирим сурасын

22 Үчтүн айы 20209:51 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер Жеңиш Разаков бүгүнтөн калбай элден кечирим суроосу керек. Бул тууралуу ЖК депутаты Жанарбек Акаев жалпы жыйында айтты.

«Чек арага жардам бергиле, тактап бергиле» деп чыккан элди «акчага чыккандар» деп атады. Бул элди мазактоо. Разаков же сот алдында жооп бериши керек же кызматын тапшырып же бүгүндөн калбай элдин алдына чыгып кечирим сурасын. Факт жок. Баткенден, айыл-ападан келип, радикалдуу сөздөрдү эмес, карапайым элдин талабын айтып жатса «акчага чогулгандар» деп атады. Бул абдан чоң ката», — деди эл өкүлү.

Эске салсак, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков 13-январда парламенттин алдында өткөн митинг акча менен уюштурулган деп эсептейт. Ал бул тууралуу 21-январда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 13-январда Бишкекте чек ара маселесин көтөрүп чыккандар Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин да талап кылышкан.

Количество просмотров: 170