• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Акаев сотторго: Силер Президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар

26 Бирдин айы 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңеште нааразылыгын билдирген соттор болгону сөгүш алды. Депутат Жанар Акаев Тартип комиссиясынын мындай чечимин бүгүн Парламенттин жыйынында сындады.

«Саясий эркти беребиз деди, акчаны беребиз деди, бирок сот тармагында жылыш жок. Бир эле мисал айтайын, Тартип комиссиясынын төрайымы сиз отурасыз, президент Коопсуздук кеңеште «Алмаматов дегенди кантип бошотуп жибердиңер, ошондой соттор бизде кантип иштеп жүрөт» деп атса, силер президенттин сөзүн чымын чаккандай да көргөн жоксуңар. Ошол сотторго сөгүш берип коюпсуңар, бул деген сөз мындан ары да коррупциялык күрөшкө соттор тарабынан саботаждар улана берет дегендик», — деди депутат.

Количество просмотров: 111