• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акаевден «Кумтөр» боюнча айыптардын алынуусу талкуу жаратты…

20 Бештин айы 2021 18:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Акаев «Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берип, анын катышуусунда бардык тергөө иштери аяктаганы кабарланды.

Ал эми коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Акаевге коюлган бардык айыптар алып салынганын билдирген.

«Мурдагы мамлекет башчыдан бардык айыптар алып салынды. Акаевге козголгон иште кылмыш жок болгондуктан токтотулган. Тергөөдө анын өзү да, жакындары да «Кумтөр» долбоорунан акча алышпаганы аныкталган. Ал үчүн мекенине жол ачык, каалаган убакта келе алат. Бул сапарда Аскар Акаевди уулу Илим коштоп жүрдү», — деп билдирген ал.

Ал арада мурдагы мамлекет башчынын жактоочусу Айбек Самарбеков «Кумтөр» иши боюнча тергөө толук бүтө электигин, андыктан мурдагы президентке коюлган айыптардын баары алынып салынды деп айтууга эрте экенин айткан.

«Тергөө уланууда, кылмыш иши токтотула элек. Бул ишке тиешеси бар бардык адамдар шектүү катары суракка алынууда. Алардын арасында Аскар Акаев да бар. Ал бардык суроолорго жооп берип жатат жана кийинки жолу качан суракка чакырылары белгисиз. Бирок, Аскар Акаевге эркиндигине эч кандай чектөөлөр коюлган жок, ошондой эле өлкөдө ээн-эркин жүрө алат», — деди Айбек Самарбеков.

Жаралган бул маселе коомчулукта бир катар талкууларды жаратты.

Количество просмотров: 179