Социалдык тармактарда мурдагы президент Аскар Акаевдин кичи мекенинде жүргөн видеосу тарады.
Буга чейин Акаев менен жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келгенин айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазган.
Алар Улуттук илимдер академиясында жана Политехникалык университетке лекция окуганы келгени айтылды. Лекциялар качан болору азырынча белгисиз.
Эске салсак, мурунку президент Акаев 2021-жылы 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кумтөр боюнча сурак берген.