• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акаевдин УКМКдан чыккандан кийинки сөзү

2 Баш оона 2021 20:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-августта мурунку президент Аскар Акаев УКМКнын имаратынан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сөзүнүн башында ал президент Садыр Жапаровго Кыргызстанга келүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергенине ыраазычылык билдирди.

«Мен кызматташып жана көмөк көрсөтүү үчүн келдим. Баарыңарга маалым болгондой, мага «Кумтөр» долбоору боюнча дооматтар бар. Мен тергөөгө жардам бергим келет жана көрсөтмө берүүгө даярмын. УКМКнын төрагасына ыраазычылык билдирем. Албетте, бир нече суроолор бар. Биз Кумтөрдү кантип курганбыз, кандай максатта, балким кетирилген катачылыктар тууралуу айтып берүү үчүн келдим. Бугүн биринчи гана жолугушуу, дагы уланат. Мындан башка эч нерсе айта албайм. Садыр Жапаров менен дагы жолуктум. Мен бир аптага келдим. Бул аралыкта сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт», — деди Акаев.

Кошумчалай кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанга бүгүн, 2-августта келди. Ал УКМКга «Кумтөр» иши боюнча биринчи сурагына кирип чыкты.

Акаев Кыргызстанды 15 жыл башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Количество просмотров: 724