Мурунку президент Аскар Акаевдин парламентке жөнөткөн каты жарыяланды. Депутат Дастан Бекешев Акаевдин июль айынын аягында жазылган катын соцтармак баракчасына бөлүштү.
Анда Акаев экс-президент статусун кайтарып берүүнү суранган жана 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен бул макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жазган.



Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке каккан.
Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү сурап, Жогорку Кеңешке кайрылганы 5-сентябрда маалым болгон. Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган.