• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

13 Үчтүн айы 202310:37 Бишкек Govori.TV

Мурунку президент Аскар Акаевге Кумтөр кенине байланыштуу козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кылмыш иши УКМК тарабынан кыскартылган.

Буга чейин УКМК Аскар Акаевге 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылганын кабарлаган.

Эске салсак, мурунку президент 2021-жылы 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, сурак берген.

Количество просмотров: 224