Бишкек 12.04.2019.Govori.TV.
“АКБ Кыргызстан” банкынын мурдагы жабыркаган акционерлери 12-апрель күнү маалымат жыйын уюштурду. Аталган жыйында акционерлер дивиденддерин калыстык менен кайрып берип,алардын укугун эске алышын Шарипа Садыбакасова суранды.
Ушуга утурлай, Бабанов тараптагылар жогоруда айтылган акционерлердин оюна каршы пикирин билдирди. Ө. Бабановдун өкүлү Ислам Каргабаевдин айтуусунда сот иштин чоо-жайын карап чыгып, эч кандай дивидендтер берилбейт деп чечим чыгарган.