• Шаршемби 22 Бугу 2024
  • Среда 22 Май 2024

Акча алмаштыруучу жайлар жана банктар ортосунда чет элдик валютаны алмаштырууга чектөө киргизилди

26 Теке 2022 9:44 Бишкек Govori.TV

Акча алмаштыруучу жайлар жана банктар ортосунда чет элдик валютаны алмаштырууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, дүйнөдө орун алып турган геосаясий кырдаалга жана алардын ички финансылык рынокко тийгизген таасирине байланыштуу алгылыксыз жагдайларды жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 22-июлунда №2022-П-33/45-2-(НПА) «Чет өлкө валютасында алмашуу операцияларын жүргүзүү чөйрөсүндө убактылуу чечимдер жөнүндө» токтомун кабыл алды.

Жогоруда аталган токтом менен алмашуу бюролору менен алмашуу операцияларын бир календардык күн ичинде бир жолу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын суммасынын чегинде жүргүзүүгө коммерциялык банктар үчүн чектөө белгиленет.

Количество просмотров: 102