• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акча чыгарып алган аялды аңдып келип тоноп кетти. Шектүү кармалды (видео)

29 Үчтүн айы 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Бишкекте криминалдык милициянын кызматкерлери тоноочулукка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

20-декабрда Октябрь РИИБне Т.А. аттуу аял кайрылып, ошол күнү белгисиз бирөө аны тоноп кеткенин айткан. Арыздануучунун айтымында шаардагы кичирайондордун бириндеги көп кабаттуу үйдүн алдынан бир киши ага күч колдонуп колундагы баштыгын тартып алган. Баштыкта Samsung үлгүсүндөгү эки уюлдук телефон, капчыкта 15 миң сом жана ID-паспорту бар болгон. Жалпы чыгымдын суммасы 30 миң сомду түзгөн.

Бул факт “Талап-тоноочулук” беренеси менен КЖБРге катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, алдын-ала маалыматтар боюнча ал “ГУМ”дун алдынан Т.А. аттуу аялдын эсеп картасынан акча чыгарып алып жатканын байкаган. Артынан аңдып “Тунгуч” кичирайонуна подъездге чейин келген. Аялга күч колдонордун алдында байкап калбасын деп күрмөсүн чечип койгон.

Кармалган жаран 2000-ж.т. М.Э. Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Октябрь райондук сотунун чечими менен ал үй камагына чыгарылды.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 572