• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Акча кымырган энергетиктердин схемасы боюнча президенттин тапшырмасы эмне болду? Министрдин жообу

31 Жалган куран 2022 16:57 Бишкек Govori.TV

Энергетика тармагында каражаттар кандай жол менен кымырылганын укук коргоо органдары териштирип жатат. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди

«Бул президенттин тапшырмасы. Анын алкагында жумуштар жүрүп жатат. Камалып, туура эмес иштерди жасаган энергетиктерди көрүп башкалары сабак алат деп ойлойм»,-деди Бекмурзаев.

Эске салсак, өткөн жылдын 26-ноябрында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров энергетика тармагында кымырылган каражат тууралуу айтып, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге тапшырма берген.

«Энергетика тармагында дагы акчаны жөн эле кечип салган фактылар абдан көп. Мисалы, дареги жок фундаменти турган жерди үй же мекеме катары каттап, ушул карызын төлөй албай калды деген жүйө менен миллиондогон сомду кечип салат. Электр энергиясы ушундай жол менен жоголууда. Курманкул Токторалиевич, бул эки маселени сизге берем, эки айда карап чыгып, ордуна коесуз. Ар бир райондук прокурорго өзүнчө тапшырма бериңиз, кайсы даректе канча электр энергияны кечкенин изилдеп чыгышсын. Мен жарым жылда акыркы үч жылдыкты гана текшерттим. Мына ушундай фактылар чыгып жатат», — деген Жапаров.

Количество просмотров: 2706