• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акеров: «»Экс-президент макамымды кайтарып бер» дегенге моралдык укугу жок»

13 Аяк оона 202412:19 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев ЖКга кат жазып, экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнгөнү белгилүү болду. Ал парламентке жолдогон катында экс-президент макамынан мыйзамсыз ажыратылганын жүйө келтирген. 2005-жылдагы элдик толкундоонун арты менен бийликтен кулатылган Акаевдин кол тийбестиги 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен алынган. Мурдагы президенттин жогорудагы отунүч каты тууралуу президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, акыркы чечим ЖК депутаттарында экенин айткан.

Ал эми сачсат талдоочу Табылды Акеров Аскар Акаевби же башка президенттерби бирөө да Жогорку Кеңешке кайрлып «экс-президент макамымды кайтарып бер» дегенге моралдык укугу жок деген пикирде.

«Өлкөнү ошондой абалга жеткирип, элдин көтөрүлүшүнө алып келсе, анан кандайча ал ЖК аркылуу экс-президент макамын кайтарууга мүмкүнчүлүк алсын. Эл көтөрүлгөндө ал Ак үйдү таштап Россияга кетип калган да. Ал постту таптап кетти, а аскерде жоокер чек араны кайтарып жаткан постту таштап кетсе эмне кылабыз? камап салабыз да, кесилип кетет, а бул болсо мамлекетти таштап салып жатпайбы. Жогорку Кеңештин да моралдык укугу жок маселени караганга», — деп билдирди Акеров.

Количество просмотров: 147