Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданынын жерин жана имаратын сатуудан түшкөн акча калаадагы социалдык, турак жай жана коммуналдык маселелерди чечүүгө жумшалат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев 21-июнда Жогорку Кеңештин “Ишеним”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак” фракцияларынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ат майдандын аянты 37 тилкеге бөлүнүп сатылат.
Кошумчалай кетсек, “Аккула” ат майданынын жерин сатуу үчүн аукцион апрелдин башында жарыяланып, 16-майга белгиленген. Арыз жоктугуна байланыштуу ал өтпөй калып, майдын аягында кайрадан аукцион жарыяланган.