• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Акмаль Хасанов «ким күчтүү болсо, ошол утсун» деп Мунарбекке өзбек улуттук чапанын кийгизди

10 Баш оона 202412:38 Бишкек Govori.TV

«Ким күчтүү болсо ошол утсун» деп Мунарбекке буга чейин секунданттык кылган өзбек машыктыруучусу Акмаль Хасанов өзбек улутунун чапанын, баш кийимин кийгизди. Мунарбектин тренерине Өзбекстандын улуттук курамасы кийип жүргөн фудболка жана кепкасын берди. «Алга Кыргызстан, Алга Өзбекстан» деп ийгилик каалады.

Бүгүн 01:47де өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу финалда таймашат. Алтын медаль үчүн күч сынашат.

Секунданттык кылган Акмал Хасанов жердешине да жан тартканы менен Мунарбек да анын жан дүйнөсүнө жакын болуп калгандай. Эмнеси болсо да Орто Азиянын спортчулары бири-бирине тилектештик кылып, ынтымак бар экенин ар бир кадамы менен далилдеп жатышканы кубантат.

Количество просмотров: 1005