Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана башка депутаттар демилгелеп жаткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамынын долбоору биринчи окуудан өттү. Ага 102 макул, төрт депутат каршы добуш берди.
Белгилей кетчү нерсе бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип келген айрым депутаттар да макул деп добуш беришкен. Мындан улам депутат Жанар Акаев башка депутат анын ордуна “макул” деп добуш берип койгонун жазып чыккан. Муну менен катар дагы башка депутаттар да алар үчүн добуш берилип калганын айтышкан.
Ал эми коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев бул тууралуу пикирин жазып, «Менин ордума башка депутат добуш берип коюптур» деген дооматты, актанууну көп укчу болдук… Кечирип койгула, бирок бул кылмыш», — деген пикирин жазды.
«Ошол кылмышты тастыктап атышат депутаттар, кнопкаларды башка бирөө үчүн басып жүргөн депутаттардын жүздөгөн видеолору жүрөт Интернетте…
Ошол үчүн, Жогорку Кеңеште жана башка Кеңештерде бирөөнүн ордуна добуш берүү кылмыш деп таанылып, ал кылмыштын түрү Кылмыш Кодексине атайын берене аркылуу кирип, жазасы аныкталыш керек. Болгондо да бул оор кылмыштарга кириши абзел, себеби депутаттын добушу мыйзам кабыл алууга түз таасирин тийгизет, мыйзам болсо ар бир адамга тиешеси бар…
Антпесе, эртең башка опурталдуу маселе боюнча да көз боемочолук болуп кетиши толук ыктымал…», — деп жазган ал.
“Мен добуш берүүгө жетишпей калдым, коллегам «за» деп басып коюптур. Экинчи окууда каршы добуш берем албетте”, – деп жазган эл өкүлү.

Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев жарыяланган добуш берүүнүн жыйынтыгында айрым депутаттар кечки саат 8.30да залда болбогонун жазды.
“Менин кесиптештеримдин бири мага добуш берген окшойт. Экинчи окууда мен бул мыйзам долбооруна каршы добуш берем “,-деди Жээнчороев.

Депутаттардын бири Исхак Пирматовдун айтымында, экинчи окууда ал Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбооруна каршы добуш берет.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлган.
Долбоордо Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Ошондой эле мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.