• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Акматов: Бул жакта “Душка”, “Челюсть”, “Миллиондордун” ортосунда саясий тирешүү болуп жатат

3 Кулжа 201919:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

Саясий талдоочу Айданбек Акматов түз эфирдик талкууда өзүнүн жеке пикирин билдирди:

«Саясий тирешүү баарыбыздын көз алдыбызда болуп жатат. Мен каймана аттары менен айтып коюн, бул жерде 3 инсандын ортосунда тирешүү болуп жатат. Алар: “Душка”, “Челюсть”, “Миллион”,-деп билдирди Акматов.

Ал эми “Душка”-деген Дүйшөн Төрөкулов деген депутат деп кошумчалады бүгүнкү талкууда И.Матраимов.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө 5-канал аркылуу түз эфирде жооп берип жатат. 

Эске салсак, «Азаттык» 29-майда жарыялаган иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен 700 миллион долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган.

Искендер Матраимов — Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл арасында «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовдун бир тууганы.

Количество просмотров: 20